Сооронбай Жээнбеков жөлөк пул жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу кечээ, 29-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-декабрда кабыл алынган.

Айта кетсек, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан