Бишкекте 31-декабрь күнү коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин иштейт

Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаӊы жылды тоскондон кийин саат 01:00гө чейин коомдук транспорттор өз багыттары боюнча каттайт.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар учурунда Чүй кең көчөсү, Эркиндик бульвары, Панфилов көчөсү, Абдумомунов көчөсүнүн кесилишкен жерлеринде унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Киев көчөсү аркылуу Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин коомдук унааларга гана жүрүүгө уруксат берилет.

Төмөнкү маршруттук каттамдар боюнча автобустар каттайт:

- №4 («Ак-Ордо» жаӊы конушу – Совмин шаарчасы – Оберон базары);

- №7 (Аламүдүн-1 кичи району – Фучик көчөсү);

- №38 (110 квартал – Аламүдүн – 1 кичи району);

- №42 (12-к/р – «Ала-Тоо» жаӊы конушу);

Ошондой эле № 4, 7, 8, 9, 14 троллейбустар жана маршруткалар каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-Sumitra-
2017-12-30 16:53:38
Жакшы экен.Ошто кандай болот экен супер билип бере аласынарбы?
0
SaLtY
2017-12-30 19:47:36
Урматтуу админ жаны жылдык дасторконго кабыргадан ширелуу тамак деген макаланарды эртээрек чыгарып койгулачы. Шейшембиге чейин жаны жыл отуп кете турган болду)).
+1
dina
2017-12-30 21:39:24
Уй булолору менен эмес кочодон тоссушат экен да((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан