31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык майрам болуп өттү. Ал саат 20:00дө башталып, майрамдык салюттар атылганга чейин уланды. "Тазалык" ишканасынан билдиргендей, майрамдан кийинки таштандыларды тазалоого 60 жумушчу, 4 атайын техника тартылып, борбордук аянт бир жарым сааттын ичинде толук тазаланып, 10 тонна таштанды чыгарылган.