Алмазбек Атамбаев Ош-Бишкек жолун тоскондор жазаланышы керектигин айтты

Бүгүн, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда президентке укук коргоо органдары тарабынан Бишкек-Ош жолундагы абалды жөнгө салуу үчүн көрүлгөн чаралар жана Сузак районунун Барпы айылындагы кырдаал жөнүндө маалымат берилди. Мамлекет башчы жолду тосууга жана башаламандыкты уюштурууга катышкандардын баары жазаланышы керектигин белгиледи. Ошондой эле жыйында өлкөнүн Коргоо кеңешинин алдыда боло турган жыйыны тууралуу маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан