Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугу старт алат

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарында шахмат боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шахмат федерациясынын катчысы Медина Жумашова билдирди.

"Мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздар катышып, жаштар арасындагы Өлкө чемпиондору аныкталмакчы. Жалпы эсепте байгелүү орундар үчүн 540 шахматчы күч сынашат. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр Дүйнөлүк жана Азия чемпиондуктарына катышууга жолдомо алышат. Мелдеш 7 жаш категорияда өтөт, алар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки категориялар. 1-орунду ээлеген спортчулар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышса, 2-орунду алган спортчулар Азия чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат", - дейт Медина Жумашова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан