Дастан Бекешев интернеттеги билдирүү үчүн 20 миң сом айыпка жыгуу мыйзамын артка кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев (КСДП) интернетте социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр, маалымат каражаттарындагы кадыр-баркка шек келтирген материалдар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны кайра толуктап иштеп чыгуу максатында кайтарып алганын билдирген. Андан соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан да алынган.

Депутат Бекешев ар-намысты, кадыр-баркты коргоонун укуктук механизмдерин өркүндөтүү зарыл деп эсептейт. "Айрым укук бузуучулар өзүнүн аброюн көтөрүү максатында белгилүү саясатчылардын, жазуучулардын, журналисттердин ар-намысына жана кадыр-баркына атайылап шек келтирет. Мындай учурда шек келтирген жарандарга карата соттун гумандуу экендигин алар эң жакшы билишет", - деп негиздеме берген.

Сунушталган мыйзамга ылайык, интернетте, гезит жана журналдарда, телерадиодо жарыяланган адамдын кадыр-баркына шек келтирген материалдарды кайра төгүндөө милдети күчөтүлөт. Тактап айтканда, маалыматты тараткан булактан тышкары аны тараткан, бөлүшкөн бардык маалымат каражаттарына жана башка булактарга да төгүндөө милдети жүктөлөт.

Депутат кадыр-баркына шек келтиргени үчүн моралдык чыгымдардын көлөмүн 20 миң сомдон кем эмес деп белгилөөнү сунуш кылган. Бекешев буга соттор дайым эле жабырлануучунун тарткан моралдык зыяндарын реалдуу эсепке албаганын себеп кылган.

"Бүгүнкү күндө соттор моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн өздөрү билгендей белгилеп келишүүдө. Сот практикасында жабыркаган тарапка аз сумма (1 000 сомдон 10 000 сомго чейин) берүү практикасы колдонулуп келүүдө. Мындай сот практикасы жарандын өзүнүн материалдык эмес баалуулугун толук өлчөмдө коргоого мүмкүнчүлүк бербейт", - деп жазылган мыйзамдын түшүндүрмөсүндө.

Демилгечи сотко кайрылган жарандын чыгымдарын да төмөнкүдөй эсептеп чыккан:

"Биринчиден, жаран өзүнүн кадыр-баркын соттордо коргоо үчүн көп убакыт, ошондой эле көп каражат талап кылынат. 20 000 сом - адвокаттын кызматы, 700 сом – сотко кайрылган учурда мамлекеттик алымды төлөө, 5 000 сом – улам жылдырылып жаткан сот процессине транспорттук чыгымдар, 1 000 сом – шек келтирген маалыматтарды жана башкаларды күбөлөндүрүү үчүн нотариустун кызмат акысы".

Сунушталган мыйзам долбоору жаңы жылдын биринчи жумуш күнүндө эле коомчулукта кызуу талкууларга жем таштады. Демилгечи 4-январь күнү мыйзам долбоорундагы текстте ката кеткенин айтып, мыйзамын кайтарып алды.

Айта кетсек, буга чейин "Заноза" сайтынын журналисттери, экс-депутат Чолпон Жакупова жана "Ата Мекен" партиясынын юристтери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сот тарабынан 30 миллион сом айыпты төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nibiru.
2018-01-05 13:58:46
Ушул ар нерсени чыгарып,ар кандай мыйзам токуй берип тажатты. Жон журчу эй. Сенден башкалыры кыйраткансып,эми сен эле калсан да. Обу жоктуктун да чеги болот да.
+10
Nibiru.
2018-01-05 13:59:16
Же бир кыйраткан иши же чыгарган мыйзамы болсочу.
+11
stimyl.kg
2018-01-05 14:14:52
Карамушкина менен Бекешовдун кошрматчылыкты катырган жоруктары бүтпөдү. Жыртылып тамтыгы калган Кайсы кадыр барктарын 20мин сомго баалап мыйзам токуп жатышат.
+8
Karban86
2018-01-05 15:24:53
Акчаны эле жакшы корот экен
+5
evra_kg
2018-01-05 15:34:32
Америкада кыргыздар кайсы бир жерини сурот тартып сотолдуго муну эки жылга каматыш керек 20мин коп акча эмес тыйын го бул мамлекетин кадыр баркы 20мин турабы
-4
taku1414
2018-01-06 20:44:23
Депутаттардын эл арасында кадыр баркы деле калбады. Баркы баа деле болбой калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан