Бүгүн, 5-январь күнү саат 15:46да Кыргыз мамлекетинин аймагында жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 4,4 баллга жеткен.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына таянсак, анын очогу Бишкектен 217 чакырым түштүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 81 чакырым түндүк-батышта, Токтогул районунан 41 чакырым түштүк-чыгышта орун алган. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор жок.