"Кара жорго" ырын ырдап-бийлеген малайзиялык Фарра Фаттах аттуу айым алдамчылыкка шектелип, Малайзиянын полициясы тарабынан кармалды. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, ал саякат уюштуруу үчүн кардарларынан 10 миңдеген АКШ долларын алдамчылык жолу менен алган деп айыпталууда. Ошондой эле ага алдангандардын арасында атактуу жылдыздар да бар экени маалымдалат.
Айта кетсек, 35 жаштагы Фарра Фаттах аттуу айым Малайзиянын жараны. Ал Малайзиядагы туристтик компаниялардын биринин жетекчиси. Фарра Фаттах мурда Кыргыз жерине да туристтерди алып келип жүргөнү белгилүү. Ошондой эле Кыргыздын "Кара жорго" ырын ырдап, Малайзияда клип да тарттырганга жетишкен.