Польша Кыргыз өлкөсүндө калкты таза суу менен камсыз кылуу жана канализация маселелерин чечүүгө 40 миллион евро насыя бергени жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.
"Бизге калктын таза суу менен камсыз кылуу, канализация маселелерин чечүүгө 40 миллион евро бергени жатат. Мен бул боюнча экономика министри Артём Новиковдун оюн сурайын дегем, сиздин буга көз карашыңыз кандай?" - деп кайрылды Эргешов.
Артём Новиков бул маселенин үстүндө иштеп жатканын айтты. "Мен декабрь айында Польшанын биздин өлкөдөгү элчиси менен жолуккам. Биз насыя боюнча сүйлөшкөнбүз. Учурда Польшадан долбоордун мөөнөтүн узартуу боюнча жообун күтүп жатабыз. Экинчи маселе бериле турган насыя социалдык тармакка жумшалышы керек. Биз январда жооп алсак, долбоорлорду сунуш кылабыз", - деди Новиков.