Брэд Питт "Так талашуу оюну" сериалын андагы баш каармандар менен чогуу көрүүнү каалаган. Бирок ал үчүн 20 миң доллар жетпей калды

6-январда америкалык актёр Шон Пенн тарабынан жыл сайын уюштурулуп келген кайрымдуулук аукциону болуп өттү. Ага белгилүү жылдыздар менен катар Голливуд актёру Брэд Питт да активдүү катышкан. Тактап айтканда, ал "Так талашуу оюну" сериалынын бир эпизодун андагы башкы каармандар Эмилия Кларк жана Кит Харингтондун катышуусунда көрүү үчүн ат салышып, 120 миң доллар сунуштаган. Тилекке каршы, аукциондун жыйынтыгы боюнча бул мүмкүнчүлүк Питтен 20 миң долларга көбүрөөк, тагыраагы 140 миң доллар сунуштаган башка адамга буюрган. Аукциондун баштапкы баасы 20 миң доллардан башталган.

Белгилей кетсек, аукциондон түшкөн каражат толугу менен 2010-жылы Гаити аралында орун алган жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү иретинде жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан