Ырчы Анжелика Бекболиева кайрадан элдин көңүл чордонунда. Тактап айтканда, буга чейин устаты Айчүрөк Иманалиева менен болгон кайым айтышуусу бир топ талкуу жаратса, эми Инстаграм социалдык тармагындагы "сырдуу" баракчада пайда болгон ал тууралуу маалыматтар интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланып жаткан учуру.
Тактап айтканда, аталган тармактан белгисиз бирөө "Анжелика Бекболиеванын сүйүктүүлөрү" деген баракча ачып, анда ырчынын "сүйгөнү" делген Марат аттуу адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн жүктөп, ырчыны башка эркектердин үй-бүлөсүн бузуп жүргөндүгү боюнча айыптаган.
"Анжелика Бекболиева бир топ адамдардын үй-бүлөсүн бузганы чындык. Сүрөттөгү адамдын аты Марат. Ал да ырчы үчүн үй-бүлөсүн, балдарын таштап кеткен. Марат Жаңы жылды балдары менен тоскондун ордуна Анжелика менен Бали аралына кетип калды", - деген билдирүү калтырган. Андан сырткары дагы бир топ адамдардын аты-жөнүн жазып, аларды ырчынын "сүйүктүүлөрү" деп атаган.
Сөз болуп жаткан Марат аттуу адамдын расмий аялы жана балдары деп төмөнкү сүрөт жүктөлүүдө.
Ал эми Анжелика Бекболиева өзү бул тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүдөй жооп берди.
"Биринчиден, каралап жаткан адам ким экенин тактап, андан соң факт менен маалымат таратуу керек. Экинчиден, бул бирөөнүн буюртмасы экени даана көрүнүп турат. Бул 5 жыл мурунку расмий гонорар тапшыруу учурунда тартылган сүрөт. Менден башка толтура ырчыларда да дал ушундай сүрөттөр бар. Жомокчулар жомогун айта берсин. Мен башкаларды бактылуу кылууга аракет көрүп жүрөм", - дейт ырчы.