Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгондугу тууралуу Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирген.

Ал эми жарлыктын мазмунунда жалпы өлкөдөгү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча жазылган. Ошондой эле 2017-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган 4 жылдык аймактарды өнүктүрүү саясаты да аталган жарлык менен эриш-аркактыгы айтылат. Аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аймактардын экономикасын чыңдоодо зор мааниге ээ. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, ички жана тышкы миграция процесстери азайтылат.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Reakciya
2018-01-10 13:25:04
Ар жылды арнерсе деп атайсынар бекер эле акчаны кетирип, же анынар ишке ашса олойун).
+5
aman0296
2018-01-10 13:29:27
Коробуз канчалык онуктуруп ийгенинерди
+4
keba300989
2018-01-10 13:46:13
Мурдагыларга караганда Сооронбай Ж ушул 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп туура коюптур эми өкмөт мүчөлөрү кандай кылып өзгөрүүлөрдү жасайбыз деген ойлор болотур.
+1
Tynybek1989
2018-01-10 14:34:58
Коробузго булда жон эле катардагы соз болуп калбаса экен деп жакшы ниет кылып турайлы
0
KGstan1981
2018-01-10 14:41:18
Соорнбай Жээнбеков андан коро Кок-Жар(Ноокат р-ну) айылындагы беш жылдан бери курулбай келип жаткан копурону куруп берсениз.Бул авто копуро Ош-Баткен-Исфана трассасында жайланышкан.
+3
dosym
2018-01-10 15:53:22
Качан Кыргызстанды өнүктүрүү жылы болот
0
dosym
2018-01-10 15:54:11
Качан мамлекеттин акчасына тийбөө жылы болот
0
Mavlyuda
2018-01-12 13:57:36
Жакшы аталыш. Бир добуштан колдойлу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан