Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту соттун курамы толук болбогондугуна байланыштуу 11-январга саат 10:00гө жылдырылды.
Аида Салянованын жактоочусу соттун бул чечимине нааразы экенин билдирди.
"Салянова ооруканада дарыланып жатат. Ага карабай мени кайра-кайра сот отурумуна убара кылып чакыргандары туура эмес. Менин башка да жумуштарым бар", - деген оюн билдирди.
Буга чейин Аида Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.