Бүгүн, 10-январда Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун үлгүлөрүнүн ички көрүнүшүн жарыялады. 32 беттин ар биринде Кыргыз өлкөсүнүн баалуулуктары чагылдырылган. Айрым интернет колдонуучулары 11-12-беттеги сүрөттөлүштөгү комуздун тескери туруп калганын талкуулап жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганыбызда, ал болгону үлгү экенин билдиришти.
"Биздин дарекке паспорт боюнча аябай көп суроолор берилип жатат. Биз үчүн ар бир жарандын ой-пикири маанилүү. Анын негизинде биометрикалык паспортко өзгөртүүлөр киргизилет", - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева.
Айта кетсек, кечээ, 9-январда жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсүн ката менен жарыялагандыгы талкууга түшкөн. Анда "дипломат" деген сөздүн туура эмес жазылганын дизайнердин жеке катасы экенин Мамкаттоонун кызматкерлери билдиришкен.