Чубак Жалилов өзүнүн беделин коргоо үчүн эки депутаттын жана эки укук коргоочунун үстүнөн сотко арыз менен кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Чубак Жалиловдун жактоочусу Акин Токталиев билдирди.
"Чубак Жалиловду суракка алгандан кийин эле анын аялы эч жакка арыз жазбаганы аныкталган. Ага байланыштуу Чубак Жалиловдун үй-бүлөсү жана ал тууралуу такталбаган маалыматтарды таратканы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Элвира Сурабалдиева, укук коргоочулар "Кылым шамы" борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жана "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын үстүнөн сотко арыз менен кайрылганы жатабыз. Учурда тийиштүү материалдар чогултулууда", - деп билдирди Акин Токталиев.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалиловдун элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосу тараган. Анын мындай аракети интернет колдонуучулары тарабынан катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Ал эми жактоочусу Чубак Жалиловду Бишкек ШИИББине эки жолу чакырышып суракка алышканын айткан.
Кийин Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жаткандыгы тууралуу жазган арызы делген сүрөт интернетке тарап, талкуу жараткан. Бишкек ШИИББинен да Гүлнур Жалилова күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылганы боюнча SUPER.KG порталына билдиришкен болчу.