Грек-рим күрөшү боюнча Назарбаевдин Кубогунда Калыбек Жолчубеков коло медаль жеңип алды

16-19-ноябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасы Астанада өткөн Казак Республикасынын Президентинин Кубогуна катышып келди. Мелдештин жыйынтыгында 55 килограмм салмак категориясында Калыбек Жолчубеков 3-орунду жеңип алды. Мекендешибиз коло медаль үчүн орусиялык Василий Топалов менен беттешкен. К.Жолчубековдон тышкары Назарбаевдин Кубогунда Алексей Ялома (60), Роман Царев (66), Руслан Царев (74), Азат Бейшебеков (84), Камбар Жоробеков (96) жана Мурат Рамоновдор (120) да күрөшүп, тажрыйба арттырып кайтышты. Айта кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан 2-курамы менен аттанган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sambo
2012-11-20 08:45:04
Красавчик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан