Түркиянын Бодрум шаарында сойкулук менен алектенүүгө шектелген 3 кыргыз кызы кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Полиция жүргүзгөн иштин жыйынтыгында мейманканалардын биринен 3 "сутенёр" жана 6 сойку кармалган. Кармалган алтоонун үчөө Орусиянын, калган үчөө Кыргыз жарандары болгон. Жыйынтыгында алар интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн мейманканага айып салынып, 1 айга жабылган.
Кыргыз жарандарынын бири 34 жаштагы Ульвие Рахманова полицияга билдиргендей, ал 2 ай мурун эс алуучуларга Түркиянын кооз жерлерин көрсөтүү үчүн Стамбулга келген.
"Мен Жаңы жылды досторум менен бирге тосуу үчүн Бодрум шаарына бардым. Көңүл ачуучу жайларда жана мейманканаларда бизди абдан жакшы тосуп алышты. Бир түндө эле 10 миң лира таап баштаганда, иштеп калууну чечтик. Бизди сойкулук менен алектенүүгө эч ким мажбурлаган жок", - деген Рахманова.
Кармалган кыздар Мугла районундагы Коопсуздук башкармалыгынын чет элдик иштер бөлүмүнө мекенине депортациялоо үчүн жиберилген.