Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштеген Кыргыз жараны унаасы менен эки адамды сүзүп алды. Алар дагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, жол кырсыгы 11-январь күнү саат 02:20 чамасында болгон.
"Б.у.А. аттуу айдоочу унааны башкарып баратып эки Кыргыз жаранын сүзүп алган. Натыйжада Р.Б.М. жабыркап, О.С. аттуу аял кырсык болгон жерден көз жумган. Жаракат алган жаранга "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ал эми кырсыктан өлгөн аялдын сөөгү травматология жана ортопедия борбордук институтунун өлүк сактоочу жайына жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда каза болгон аялдын туугандары изделүүдө.