Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы кызга окшоп кийинген эркекти тапанча менен коркутуп, жылаңач кылып чечинткен видео боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
Белгисиз адамдар тарабынан тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.
"Видео качан, кайда тартылгандыгы белгисиз. Милиция кызматкерлери иликтеп жатышат", - деди Оморов.