Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга иш сапары күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

Жээнбеков эки тараптуу кызматташуунун жакшы жыйынтыгы кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө салым кошо турганын белгиледи. Мындан тышкары ал Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, тажик элине тынчтык, өсүү жана өнүгүү каалады.

Тажикстандын башчысынын телеграммасында Кыргыз өлкөсү менен ынак коңшулаштык, ынтымак мамилелери Тажикстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экени айтылууда.

"Сиздин Тажикстанга расмий иш сапарыңыз эки мамлекеттин көп тараптуу кызматташуусуна жаңы түрткү боло турганына ишенем", - дейт Рахмон. Ал Жээнбековго чың ден соолук, максаттарга жетүүсүн каалап, кыргыз элине тынчтык жана өсүү тиледи.

Телеграммада расмий иш сапар кайсы күндөрү болору белгиленген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан