Индияда 40 окуучу бара жаткан кайык оодарылып кетип кеминде төртөөсү каза болгон

Индияда 40 окуучу бара жаткан кайык оодарылып кетип кеминде төртөөсү каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 13-январда эртең менен Индиянын Дахану шаарына жакын жайгашкан жээкте болгон. Анда Араб деңизинде жээкке сүзүп бара жаткан ичинде 40 окуучу бар кайык оодарылып кеткен.

Басылмаларда жазылгандай, кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, алар 25 окуучуну суудан аман алып чыгышкан. Калгандарына издөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан