Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жубайы Жамиля Исаева билдирди.
"Жактоочу Бакыт Осмоналиев 12-январда жогорку инстанцияга арыз менен кайрылган. Ал эми экинчи жактоочу Сергей Слесаров учурда шаардык сотко кайрылуу үчүн камылга көрүүдө. Ал бүгүн, 15-январда шаардык сотко арыз берет", - деди Исаева.
Белгилей кетсек, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал абакта күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган.
Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаевдин тушунда 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган.
Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.