Бишкекте эвакуация кызматы туура эмес жайга токтотулган машинаны жүктөп жатканда аркан үзүлүп кетти. "Кабар" маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, окуя 15-январь күнү Бишкектин Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши тарапта болгон.
Анда аялдамада токтоп турган Лексус RX300 унаасын эвакуациялоо үчүн эвакуатор келген. Эвакуатор унааны көтөрүп жатканда алдыңкы дөңгөлөгү тараптагы аркан үзүлүп кетип, машинага зыян келтирилген.
"Унаанын ээси сотко же эвакуация кылган ишканага арыз менен кайрылса болот. Келтирилген зыяндын ордун эвакуация кызматы толтуруп берет", - деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.
Айта кетсек, автоунааларды мажбурлоо жолу менен эвакуациялоо боюнча токтом өткөн жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирип, мамлекеттик сатып алуу порталына тендер жарыяланып, анын жеңүүчүсү деп "Портал групп" ишканасы табылган.
"Портал групп" компаниясы унааларды эвакуациялоо менен алектенет. Алар "Аю Гарант" менен камсыздандыруу полиси боюнча келишим түзгөн. Унаа жүктөлөрдөн мурун фото жана видеого тартылып, атайын материалга тиркелет. Эгер унааны жүктөө учурунда кайсы бир жери чийилип же жабыркаса, аны "Аю Гарант" компаниясы унаанын ээсине келтирилген чыгымды толук төлөп берет.
Мыйзамсыз токтотулган унаа инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, андан соң айып төлөөчү жайга жеткирилет. Унаанын ээси туура эмес токтоткондугу үчүн 1000 сом төлөйт. Бул сумма бюджетке түшөт. Унааны ордунан жылдырып, айып төлөөчү жайга алып барган чыгымды, унаанын ээси "Портал групп" компаниясына төлөп берет. Анын суммасы 1350 сом.