Оштон Казакстанга фура менен алма ташып бараткандарды Таластан тосуп алып тоногон деген шек менен 8 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Талас ОИИБинин маалымат кызматынан 16-январда кабарлашты. Маалым болгондой, Ош облусунун Ноокат районунун Б.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, арыз ээси эки адам болуп 13-январь күнү түнкү саат 4 чамаларында фура менен Оштон Казакстандын аймагына Талас облусу аркылуу алма ташып баратканда белгисиз адамдар экөөнү ур-тепкиге алып, тоноп кетишкенин айткан.
Факты боюнча Бакай-Ата РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө аракетинин натыйжасында шектүү катары 14-январь күнү аталган райондун 8 тургуну кармалды. Кармалган адамдар жабырлануучулардын 400 сомдон ашык акчасын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Учурда алар РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.