Жаңы түзүлгөн партиялар шайлоого катышуу үчүн мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда парламенттик шайлоолорго карата коюлган төлөмдөрдү төмөндөтүү тууралуу өткөн маалымат жыйында "Жаратман эл" саясий партиясынын төрагасы Расул Түлеев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта парламенттик шайлоого катышуу үчүн ар бир партия 5 миллион сом күрөө төлөөсү керек. Мындан улам жаңы түзүлгөн, эл камын ойлогон, бирок каражаты жок партиялар шайлоого катыша албай жатат.
"Биз азыркы тапта күрөөнүн суммасын 1 миллион сомго чейин түшүрүүнү демилгелеп, бул боюнча кол топтоп жатабыз. Алдыда бийлик органдарына кайрылабыз", - деп билдирди Түлеев.
Ошондой эле демилгечилер тобу күрөөнүн суммасын көбөйтүүнүн ордуна шайлоодо партиялардын алган добушунун пайыздык көрсөткүчтөрүн жогорулатууну сунуштап жаткандыгын белгилешти.