Бишкек-Ош жолунда бензовоз жол кырсыгына кабылып, 1 тонна солярка төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-январь күнү саат 14:29 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында болгон. Анда DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташычуу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон, анын ичинен 1 тоннасы төгүлгөн.
Жабыркагандар жок.