БШКнын төрайымынын орун басары: "Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арызды мыйзамдын жол-жобосу менен бериши керек"

Борбордук шайлоо комиссиясына Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арыз берген жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Бабанов мыйзамдын жол-жобосу менен арызды өзү алып келиши керек. Эгерде арыз алып келгенге мүмкүнчүлүгү жок болсо ишеним кат аркылуу берилсе болот", - деди ал.

Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев жана Бабановдун тарапташтары тарабынан БШКга арыз берилгени айтылган.

Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан