Тендер кеч жарыялангандыктан Аксы районунун бардык мектептеринде окуучуларга тамак бериле элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн 1-4-класстын окуучулары үчүн тамак боюнча жооптуу адиси Акбермет Азимкулова билдирди.
"Учурда Аксы районундагы бардык мектептерде тамак берилбей жатат. Анткени 2018-жыл үчүн тендер 12-январда гана жарыяланган. Азыр бардык уюштуруу иштери аягына чыгып калды. Райондогу мектептерге, тамак 20-январдан тарта бериле баштайт", - деп билдирди Азимкулова.
Эскерте кетсек, "Элдик кабар" рубрикасына окурман: "Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жайгашкан Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинде 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү тамак 2017-жылдын декабрь айынын орто ченинде токтогон. Тамак азыркы убакта да бериле элек", - деген билдирүүнү жөнөткөн.