Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү үй Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы 7-апрелде болгон окуяларда үй тонолуп жана өрттөлгөн. Ошол эле жылы үй Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөрүлүп берилген. Ал эми 2016-жылдан тартып ушул күнгө чейин үй Бишкек шаардык мэриясынын карамагында болгон.
"Бүгүн Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан аталган үй Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.