"Тажикстанда фото-видеофиксация системи гана орнотулган. Ал "Акылдуу шаар" долбоору эмес", - деп бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов билдирди.
Коомчулукта Тажикстан 20 миллион долларга "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырган, ал эми Кыргыз мамлекети 60 миллион долларга орноткону жатат деген пикирлер айтылган.
Момункуловдун айтымында, Тажикстанда орнотулган фото-видеофиксация системи аталган долбоордун бир гана бөлүгү.
"Акылдуу шаардын" камералары көп функционалдуу. Мисалы, бир жерде өрт болуп жатса же шектүү бир баштыкча туруп калса билдирүү болот. Жолдогу тыгындар азаят. Мындай долбоор Дубайда жана башка өнүккөн мамлекеттерде ишке ашырылган. Тажикстандын долбооруна окшош эмес. Жол коопсуздугу аталган долбоордун бир гана бөлүгү”, - деди ал.
Айта кетсек, өкмөт менен "Huawei'дин" ортосунда тийиштүү келишимге 11-январда Бишкекте кол коюлган. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтууну көздөгөн ири долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллар жумшалат. "Акылдуу шаар" - 2012-жылы убадаланып, ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы аталышы.
"Акылдуу шаардын" алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар орнотулат. Бул иштерге жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап кытайлык компанияга 5 жыл ичинде, жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермекчи. Долбоорду 1,5 жылда аягына чыгаруу күтүлүүдө.