"Сулайман-Тоо" музейинде оңдоп-түзөө иштеринде жерге төшөлгөн туу интернетте кызуу талкууланууда. Бул сүрөттү "Сулайман-Тоо" музейинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков интернетке жүктөп, өлкөнүн башкы символунун тебеленишине музейдин учурдагы жетекчилигин айыптап, аны жазага тартууну талап кылган. "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев сүрөттүн окуясы боюнча SUPER.KG`ге айтып берди.
"Бул иш мен кызматка келгенге чейин болгонбу, андан кийин болгонбу аны эч ким так билбей жатат. Биздин эмгек жамаат да ал сүрөттү ким тартканын так айта албайт. Ал киши бул жерде көп жыл башкы сүрөтчү болуп иштеп жүргөн. Сулайман-Тоонун башында дайыма туу илинип турат. Ал бир ай, эки айда тытылып кетет экен. Маразыков тытылган тууну жаңылап турат. Ошондуктан бул өзүнүн сүрөтү болушу да мүмкүн", - деди Кангелдиев.
Музейдин жетекчилиги сүрөттү интернетке тараткан Маразыков менен жеке келишпестиктери бар экенин айтып, бул жеке таарынычтардан улам жаралган абал деп түшүнүп жатканын билдирди.
"Өткөн жылы мен кызматка келгенден кийин, ноябрь айында ал кишини расмий түрдө сый-урмат менен пенсияга узатканбыз. Ал өз арызы менен иштен кетти. Кайра эле бир жумадан кийин жумуш берүүмдү сурап келди. Бизде штат жок үчүн жумуш бере алган жокмун. Кийин мени менен урушуп баштады. Азыр да башкы сүрөтчүнүн иш бөлмөсүн бошото элек. Ошондуктан бул жеке таарынычтан улам жасалган иш окшойт деп ойлоп жатам", - деп кошумчалады Кангелдиев.
Ал эми жерге төшөлгөн туу "Сулайман-Тоо" музейинде болгонун айтып, сүрөтүн жүктөгөн Аширали Маразыков менен байланышуу аракеттерибиз ишке ашкан жок.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символдордун катарына кирген тууну өрттөгөн, айрыган, сыйлабастык мамиле жасаган адамдар жоопкерчиликке каралган.