Депутат өкмөт жол кырсыктарын азайтуу боюнча программа иштеп чыгуусу керектигин айтты

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен жол кырсыктарын азайтуу боюнча программа иштеп чыгуусу керектигин билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде жол кырсыктарынын саны улам өсүүдө. Жолдордогу көзөмөл камераларды орнотуу менен кырсыктарды азайтууга боло турганын дүйнөлүк тажрыйба далилдеп жатат. БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 2011-2020-жылдар "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун 10 жылдыгы" деп жарыяланган. Бул жерде ар түрдүү сунуштар бар. Биздин өкмөт ошолорду колдонуу менен, жолдогу коопсуздукту камсыздоону шартташы керек", - деди Айнуру Алтыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MKW.MYRZAiYM
2018-01-18 23:04:51
Туштон кийинби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан