Айткул Бурханов: "Суу сактагычтардын айланасындагы токойлор азаюуда"

"Суу сактагычтардын айланасындагы токойлор азаюуда", - деп билдирди SUPER.KG'ге Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Айткул Бурханов. Анын айтымында, суунун айланасындагы токойлорду сактап калуу үчүн сууну пайдаланып жаткан Өзбекстан жана Казакстан акча төлөп берүүсү керек.

"Токой элге эң керектүү ресурс. Азыр суу сактагычтын айланасындагы токойлор азайып кетүүдө. Аны сактоо иштерине сууну пайдаланып жаткан коңшу мамлекеттер төлөп бериши керек", - деди ал.

Ошондой эле сууну да сатуу керектигин кошумчалады.

"Кыргыз мамлекети менен Тажикстан сууну товар катары сатуу боюнча маселени көп жерде көтөрүп жатат. Союз учурунда жаратылыштан чыккан байлыктардын пайыздары бөлүштүрүлгөн. Ошондуктан Кыргыз мамлекети өзүнө керектүүнү пайдаланып, калганын коңшу мамлекеттерге берүүсүн улантып келе жатат. Менин жеке пикиримде биз мөңгүлөрдү, сууну сактоо иштерин жасасак коңшу мамлекеттер экосистем кызматы үчүн акча төлөөсү керек. Жогорудан агып келе жаткан сууга эч ким төлөбөйт. Бирок суу сактагычтарды оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүшөт", - деди ассоциация жетекчиси.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-январда Бишкекте Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда Чүй жана Талас облустарындагы суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу боюнча стратегиялык программа талкууланып жатат. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана адистер катышууда. Талкуу эки күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2018-01-18 18:56:11
Суйлоп койдуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан