Мас абалында машинасы менен жол кырсыгына катышкан милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 18-январда кабарлашты.
4-январь күнү саат 17:10 чамаларында Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө Toyota Avensis жана Toyota Camry үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кырсыкка кабылган Toyota Camry унаасын Аламүдүн РИИБинин К.Т. аттуу тергөөчүсү кызматтык формасы менен мас абалында айдап баратып кырсыкка кабылганы жана күнөөлүү экендиги белгилүү болгон.
Анын үстүнөн атайын кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында кызматынан бошотулду. Ошондой эле тергөөчүнүн мындай аракетинен улам Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматынын башчысынын А.И. аттуу орун басары да кызматынан алынды.
Ал эми кырсыкка кабылган экинчи унаанын айдоочусунун мээси чайкалып, ичинде бараткан балдар ар түрдүү жаракаттарды алышкан.