Кыргыз өлкөсүндө акыркы он жылда жол кырсыктарынан Ооган согушунан да көп адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
"Акыркы 10 жылда өлкөдө жол кырсыктары 1500 эсеге өстү. 2007-жылдан бери жол кырсыктарынан 16 миң жаран каза болгон. Анын эки миңи жаш балдар. Кырсыктардан 110 миң жаран түрдүү жаракаттарды алды, алардын арасында 18 миң 173 жаш бала бар.
Эсеп боюнча өлкөдө жол кырсыктарынан бир күндө үчтөн адам каза болууда. Жумасына экиден жаш балдарды жоготуп жатабыз. Ал тургай он жылга созулган Ооган согушунда мынча жоготуу болгон эмес. Ооган согушуна Кыргыз өлкөсүнөн 7 миң аскер кызматчысы катышкан. Анда үч миң аскер каза болгон", - деди Казакбаев.