КСДП өкмөттүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

КСДП фракциясы өкмөттүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу кечээ, 19-январда аталган фракциянын жыйынында каралган.
Депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жүргүзгөн ишине нааразы болду.

"Аталган министрликте 5 миӊ адам иштейт. Жылдык эмгек акы фондуӊар 1 миллиард 200 миллион сом. Ушундай шарт түзүлүп берилгенине карабастан, айыл чарба тармагындагы иш жылган жок. Силер дагы эч нерсе кылган жоксуӊар. Бизге андай министрликтин эмне кереги бар? Бизге мындай аткаминерлердин кереги да жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, өкмөттүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча отчёту каралган фракция жыйынына вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, экономика министри Артём Новиков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан