Токтогул районунун акими: "Чычкан суусуна төгүлгөн бензин боюнча комиссия иш алып барууда"

Чычкан суусуна жол кырсыгына учураган бензовоздон төгүлгөн бензин боюнча комиссия иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов билдирди.

"Токтогул районунун өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы бар, учурда алар иш алып барышууда. Комиссиянын ишинин натыйжасында бүгүн эртең менен Чычкан суусундагы балык чарбадан 2 тонна 900 килограмм балык өлгөнү белгилүү болду. Ууланып өлгөн балыктарды жана Чычкан суусун текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле ууланып өлгөн балыктарды сатууга тыюу салынды жана балык чарбасынын ээси банктардын биринен кредит алып иш жүргүзүп жаткан экен, банк тарабынан да мына ушундай чукул кырдаалдарга тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле аким азырынча балык чарбадан тышкары Токтогул суу сактагычынан жана Чычкан суусунан балыктардын өлүп жатканы тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Айта кетсек, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан Чычкан капчыгайында сууга кулаган бензовоздогу бензин сууга төгүлүп андан улам балыктар өлүп жатканын билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан