"35 жаштагы күйөөм "Узун Акмат" алтын кенине бара жаткан жолдо погрузчикти айдап иштеп жатып дөңгөлөктөрү начар болгондуктан тоонун боорунан тайып түшүп кетип каза болду. Аны ишке келишим менен алып кеткен ишкана жоопкерчиликтен качып биз менен байланышпай жатат. Күйөөмдүн артында 3 баласы жетим калды", - дейт Токтогул шаарынын тургуну Таттыбү Жандар кызы.
Анын айтуусуна караганда, 3-декабрда Чыңгыз Керезов аттуу "Узун Акмат" алтын кенин иштетип жаткан "Кассана Минералс" ЖЧКсына тиешелүү "Талвег" ишканасынын кызматкери күйөөсү Жылдызбек Сейитбековго келген. Ал күнүнө 1 миң 500 сомдон төлөп беребиз, келишим менен иштеп бер деп күйөөсүн алып кеткен.
"8-декабрда алар сууну жээктеп тоонун боору менен кеткен жолдо иштеп жатышкан. Анда жол муз, ал эми погрузчиктин дөңгөлөктөрү музга туруштук бере албай, эскилиги жетип жешилип калгандыктан, тайгаланып жолдун четине чыгып сайга түшүп кеткен. Мага кийин ошол жерде окуяны көргөндөр "биринчи погрузчик муз тоңгон жолдон өйдөнү көздөй бара жатып тайып жолдун четине чыгып токтоп калды. Ишкананын адамдары ага карабай "айда өтүп кетесиң" деп айдатышты. Экинчи жолу өтүүгө аракет кылганда погрузчик арты менен ылдыйды көздөй тайгаланып сайга түшүп кетти. Күйөөң тажрыйбалуу айдоочу экен ар кандай чараларды көрдү, бирок токтото алган жок", - дешти. Бул окуядан кийин ишкананын адамдары биз менен бир да жолу байланышкан жок. Өзүбүз күйөөмдү алып кеткен Керезбекке телефон чалсак колуңардан келгенин кылгыла деди", - дейт Таттыбү.
Андан сырткары ал милиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогонун, бирок жылыш болбой жатканын, айтты. Ошондой эле Таттыбү Жандар кызы 2-топтогу майып экенин билдирди.
"3 балам атасыз жетим калды, өзүбүздүн үйүбүз жок жолдошумдун ата-энеси менен чогуу турабыз. Улуу кызым 3-класста, кийинкиси 1-класста, кичүүсү 5 жашта, жалгыз аларды кантип чоңойтом деген ой эзип жатат. Күйөөм аман-эсен болсо балдарын элден кем кылбай чоңойтмок. Мен 2-топтогу майыпмын, оор жумуш жасай албайм. Ушул иш укук коргоо органдары тарабынан адилет каралса, үч баламдын келечеги эске алынып ишкана тарабынан компенсация төлөнсүн", - дейт Жандар кызы.