Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү Ош жана Чүй облустарында төрөлгөн.
Парламенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, Оштон 34, Чүйдөн 32, Жалал-Абаддан 17, Нарындан 11 жана Таластан 8 эл өкүлү бар. Ал эми депутаттардын 10 пайызы Ысык-Көл жана Баткен облустарында туулган, тагыраагы Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдөн 6, Баткенден 6 эл өкүлү бар. Ошондой эле чет өлкөдө 3 депутат төрөлгөн.
Райондор боюнча карасак, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда туулган депутаттардын саны салыштырмалуу көп.
Айта кетсек, бүгүн, 23-январда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков кредиттик, гранттык жана бюджеттик каражаттар аймактарга туура эмес бөлүнүп жатканын сынга алган. Анын айтымында, кайсы аймактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агып кетип жатат.
"Аймактарды өз ара салыштырганда да айырмачылыктар чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат. Бири өнүксө, экинчиси токтоп турат. Анткени күчтүүсү бюджеттик, гранттык жана кредиттик каражаттарды тартып кетип жатат. Жашырбай эле айтайын, кайсы жактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агылып жатат. Өнүгүүнүн балансы бузулду", - деген Жээнбеков.