Кыргыз спортчусу Каныбек Жолчубеков Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча "Takhti Cup" эл аралык турниринде жеңүүчү аталды. Турнир кечээ, 25-январда Бендер-Мехшехр шаарында старт алган. Анда жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулат.
Кыргыз спортчусу 60 килограммдык салмак менен беттешке чыгып, жарым финалда казакстандык спортчу Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми финалда ирандык Мехрдад Мардани менен бет келип, 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды багындырган.