Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш ишти кароодо. Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова отурумду түштөн кийинкиге калтыруу боюнча өтүнүч келтирди.
Жактоочу Салянованын жакында ооруканадан чыкканын негиз кылып, күн суук болгондуктан тыныгуу жарыялоону өтүндү. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, үч саатка тыныгуу жарыялады. Отурум саат 15:00дө уланат.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.