Токмокто өспүрүм кыз эмне себептен өз өмүрүн кыюуга аракет кылганы белгилүү болду

28-январда өспүрүм кыз Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштоого аракет кылып, бактыга жараша, аман-эсен куткарылып калган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева кыз эмне себептен өз өмүрүн кыюуга аракет кылганын 29-январда SUPER.KG'ге түшүндүрүп берди. Маалым болгондой, учурда милиция кызматкерлери кызга жана ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын жашоо-шарты менен таанышууда.

"28-январь күнү саат 15:45 чамаларында шаардык милицияга көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз кыз боюн таштоого камынып жатканы боюнча маалымат түшүп, дароо эле ыкчам-тергөө тобу айтылган дарекке барган. Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл сүйлөшүү жолу менен аны аман-эсен жерге түшүрүп алышкан. Милиция кызматкерлери кыз менен сүйлөшкөндө ал ата-энеси менен уруша кеткендиктен өз жанын кыюуга аракет кылганын айтып берген. Учурда кыздын өзүнө жана ата-энесине түшүндүрүү аракеттери жасалып, алардын жашоо-шарты текшерилип жатат", - деп билдирди Имангазиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MUHLISA
2018-01-29 19:53:58
Уулбу кызбы убагында тарбия берүүгө жетишип калуу гана оң.Антпесе өткөөл куракка келгенде, оюна келгенди жасоого өтүшөт.
+7
Medina87
2018-01-29 21:37:44
Кудайга тообо!!
+1
Jigito
2018-01-29 23:37:06
Эмне себептен ? Супер инфо?
+1
aerforce
2018-01-30 00:30:43
белгилуу болду деп айтпай койупсунарга
+1
Muratmipa
2018-01-30 09:23:29
aerforce,айтып туратко ата энеси менен уруша кеткен деп же орусча жазыш керекпи сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан