1990-жылы туулган Жамиля Нияз кызы Бишкектеги 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринен 2007-жылдын июль айында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнөн SUPER.KG'ге кабарлашкандай, жакындары кызды издөө үчүн милицияга 2017-жылы кайрылышкан. Учурда Жамиля Кыргыз мамлекетинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин аймагынан изделип жатат.
"Ал кыз Зиягүл Калмурзаева аттуу таежесинин баласын карап Бишкекте жашап жүргөн экен. Зиягүл Калмурзаева жолдошу менен бул жакта банкта күрөөдө турган үйүнүн төлөмдөрүн төлөө үчүн Орусияда иштеп акчаны Жамиляга салып турушкан. Бирок акчанын банкка төлөнбөй жатканын билгенден кийин жолдошу Бишкекке келип, кыздан эмнеге төлөбөй жүргөнүн сураган учурда кыз "азыр келем" деп сыртка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 2008-2009-жылдары кызды Сокулук районунун аймагынан көргөндөр болгон экен. Бизге жакындары ал үйдөн чыгып кеткенден 10 жылдан кийин кайрылышты. Бирок табылбай жатат. Учурда КМШга мүчө мамлекеттердин аймагынан да издөө аракеттери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти РИИБден.
Маалым болгондой, кыздын 1933-жылы туулган атасы Нияз Сулайманов учурда Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылында уулу менен бирге жашайт. Кыздын кайда жүргөнү боюнча алардын маалыматы жок болууда. Ал эми 1958-жылы туулган апасы 2002-жылы каза болуп калганы маалым болду.
Өзгөчө белгилери: оң көзү тубаса кылый. Ал эми бою жана салмагы белгисиз.
Көргөн билгендер болсо, Октябрь РИИБинин 0550 10 22 38, 0554 10 02 47, 0554 10 21 48, 0773 05 35 38, 0705 99 99 53 номурларына байланышып кабарлап койсоңуздар болот.