Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
"Мен Калиевдин арызын кабыл алган жокмун. Жактагым келбейт, бирок аракет кылып, күнү-түнү уктабай иштеп жатканын көрүп жатам. Анын күнөөсү бар. Бирок ачык айтайын, мага арызы менен келген", - деди Исаков.
Мындан тышкары өкмөт башчы Калиевден башка эч ким өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгогон.