Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча маселени карап жатат. Анда депутат Чыныбай Турсунбеков жаңы курулган ЖЭБде коррупциялык аракеттер болсо күнөөлүүлөрдү жазага тартууну сунуштаган болчу.
"386 миллион долларга ЖЭБди жаңылоо боюнча күнөөлүүлөр болсо аягына чыгыш керек. Элдин баары ошону сөз кылып жаткандан кийин, андан келип чыккан сөз баарыбызга тийип жатат", - деди Турсунбеков.
Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттарды ЖЭБге бөлүнгөн 386 миллион доллар, коррупция боюнча сөз кылбоого чакырды.
"Эгер катуу тийсе кечирим сурайм, бирок бир маанилүү нерсени айтайын. Жыйынды бүгүн кыргыз эли эле эмес, биздин Кытай өнөктөштөр да көрүп жатат. Расмий Пекин да бүгүн бул жыйынды көрүп отурат. Биз бул долбоорду эки өлкөнүн өкмөттөрү келишимдин негизинде аткардык. Ошондуктан азыр коррупция болгон, компания туура эмес иштерди жасаган дегенден алыс болсок. Анткени иликтөө аяктагандан кийин ушундай маалыматтар чыкса ошондо айтсак. Биз, өзүбүз жакын стратегиялык карым-катнашта болуп ал мамлекет менен жакын мамиледе болуп жатабыз. Ошондуктан чеберчилик менен сүйлөшсөк", - деди Исаков.