super.kg logo

Сапар Исаков: "ЖЭБдеги авария боюнча аябай катуу чарага баргым келип жатат, бирок иликтөө бүтүшүн күтүп сабыр кылыш керек"

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБдеги авария боюнча маселе каралууда. Жыйында депутат Рыскелди Момбеков бишкектиктердин жүрөгүн жылытуу үчүн күнөөлүүлөрдү токтоосуз кызматтан кетирүүнү сунуштады.

"Күн жылыды, бирок үшүгөн бишкектиктердин жүрөгү жылыган жок. Күн чыкты, бирок буулуккан буктар чыккан жок. Кандай гана аба ырайынын катаал шарты болбосун - бул жаратылыш кырсыгы. ЖЭБдеги кырсык бул жаратылыштын кесепетинен болду. Бул бизде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да болду. Түркмөнстан газсыз калды, Казакстанды гана эмес, Орто-Азиянын баарын аба ырайынын катаал шарты каптады. Бирок элдерге азыр эки гана нерсе керек. Кемчилик кетирген адамдар кетиш керек. Жабыркагандарды компенсациялоо маселесин чечиш керек. Сиздин арт жагыңызда үшүбөгөн Бишкек ЖЭБинин жигити отурат. Ар намысы бар адам арызын жазып кетип калат болчу. Кырсыктан кынтык издебеш керек, бирок күнөөлүү адамдар бар. Сиздин эркиңиз жетпесе биз токтомго киргизели. Кетириш керек! Бир миллион бишкектиктерди тоңдуруп коюп ушул жерде ким эмне деп суроо берет экен деп элеңдеп отурат. Энергетика тармагы ээрге мингенде кыйшык минген. Энергетика министрлигин кайра алып келбесек абалды чече албайбыз", - деди Момбеков.

Өкмөт башчы Сапар Исаков иликтөө иштеринин арты менен бардык күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты.

"Электр станциялар" ишканасынын жана ЖЭБдин башчысы кетет. Ушундай кырдаал болуп жатат, шарт түзүп берели. Иштерди бүтүрсүн, иликтөө иштери жүрүп жатат. Андан соң бүт баары ачыкталат. Ким кайда, эмне жумуштарды жасаганы аныкталат. Тиешелүү чараларды көрөбүз. Мен өзүм араң турам. Аябай катуу чарага баргым келип жатат. Бирок ушундай учурларда иликтөө бүтүшүн күтүп сабыр кылыш керек", - деди Исаков.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
31.01.2018. 16:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Сапар!Элибиздин келечектеги тагдыры сенин колунда.Алга Сапар!
31.01.2018. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
barakcha,Сен учун азамат болсо.Мен учун бир алсыз эрксиз бир чиновникти жоопко тарта албай турган пр.министр болуп сезиле берет.
31.01.2018. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,Иштен алып эле койуш эээн женил жаза.Пусть комиссиянын жыйынтыгына карап жоопкерчиликке тартсын!Чыдап туралык.ЖЭБдин коррупционерлеринен очубузду Сапар алып берет.
31.01.2018. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
barakcha,Бир гана иштен кетирбей Озбекстандын президенти Мирзиеевтей канча ай,жыл иштесе ошончо алган зарплатасын бут мамлекетке толоп беришин талап этиш керек.А бул комиссия деген бул жон эле элди алаксытыш учун.Жэ эмне Дача-Сууда самолет куулаган эле комиссия тузушту эле.Эмне бир толк чыктыбы айтчы мага мына азырга чейин бир дагын чиновник жоопко тартыла элек Дача-Суу б-ча.
31.01.2018. 18:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
481
Катталган:
14-08-2017
Соӊку аракети:
13-04-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
-2
barakcha, эмне деп жомок айтып жатасын?!! Кочмондор оюну ж.б. миллиондорду жеп келген Сапарын элге кызмат кылат бекен?!!

Элди ушуткону сенин Сапарындын "жакшы" иштеп жатканы эмеспи?!!
31.01.2018. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
+4
Жоопко тарттым деп жумуштан айдап жибергенден коро бетин тытып туруп кетириш керек. Туура кылат)
31.01.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
26-07-2017
Соӊку аракети:
31-05-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупция коррупция эмнеге иштен кетирет?Жазалаганы только кетиришпи?Кетириш эмес жазага тартып жеп жутканын кустуруш керек!!!
31.01.2018. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
27-09-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Карга карганын көзүн чокубайт деп айтылгандай, миллиондорду кымырып маммлекетке зыян келтиргендерди бир жерден иштен алып, башка жерге жайгаштыра бербей, аларды башка өкмөттүн иштерине жолотпооңор керек. Жеген адам көңдөй болгонго канча жесе да тойбой жей берет эмеспи, мындайларды мыйзам алдында жоопко тарткыла, бүт мүлкүн өкмөткө өткөрүп мыйзамдаштыргыла .Кудайдын алдында бир сомго да жооп берген күндөн коркпогондор, байлыгынан ажырап калуудан коркуп, бир азда болсо азыраак жеп ичип иштешээр э
31.01.2018. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жумуштан айдап ийуу аздык кылат жегендерин толотуш керек, бирок ишене бергиле крайный бироону кылып жумуштан айдап ийишет, чыныгы млндорду жеген куноокорлор жоопко тартылбайт, себеп дегенде кытайлар мн азыркы окмоттогулор договор тузуп ишти башташкан ошондо чыныгы куноокорлор оздору болуп калат, оздорунун кочугун чукумак беле, эмитенле кыйытып дагы 600млн керек дей башташкан турбайбы, буга чейинкилери аздык кылып калган ишти буткоруу мн дагы жеген жатышат акмактар!
01.02.2018. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуштан кетируу жолу менен жазалабаш керек, ошол жумушту акыбалдан чыгаруу, жонго салуу учун иштетиш керек деп ойлойм. Бошотуу- эн женил жаза, кайра башка бир орунга отуруп, ал жакты булундурот. Андан кору кемчилигин жоюуу туура го .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: