Депутат: "Жылуулук берүү мезгилине даярбыз деген маалыматты “ура” деп колдогонубуз үчүн элден кечирим сурашыбыз керек"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

"Биз, Жогорку Кеңеш жылуулук берүү мезгилине даярбыз деген маалыматты "ура" деп колдогонубуз үчүн элден кечирим сурашыбыз керек", - деп бүгүн, 31-январда парламенттин жыйынында “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты.

Ал төрага Дастанбек Жумабековго кайрылып: "Биз 2017-жылдын 2-ноябрында өкмөттүн кышка даярдыгын угуп, баарыбыз “ура” деп колдогонбуз, демек, парламенттин да күнөөсү бар. Биз дагы элден кечирим сурашыбыз керек. Бул биздин милдетибиз", - деди.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat92
2018-01-31 17:51:34
Жылуулук бергени менен Ысык суу дагы деле жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан