Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айтты. Атүгүл, аларды көргөндө, өз унаасында жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалады. Мындан улам эл өкүлү депутаттарга кызматтык унаа менен жардамчыны кайтарып берүү боюнча маселени парламентте жабык эшик артында, журналисттерди чыгарып өткөрүүнү сунуштады.
"Депутаттардын жардамчысы жана кызматтык унаасы боюнча залдан прессаны чыгарып, өзүбүзчө сүйлөшүп алсак. Себеби ушул жерге келе жатканда кээ бир депутат кыздарыбыз, келиндерибиз, балдарыбыз коомдук транспорттон түшүп, жөө басып келе жатканын көрүп уялам. Ушуну бир карап көрсөңүз. Ошол эле биз баш тартып койгон унааларды башкалар айдап жүрүшөт, акча каражаты баары бир сарпталып жатат", - деди Жолдошбаев.