Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
"Жогорку Кеңеште иштегениме үч жыл болуп калды. Ушул учурда бир катар депутаттардын коомдук транспорт менен жумушка келгенин байкап жүрөм. Алардын айрымдарынын гана ысымын атап өтсөм: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулина такай троллейбус, машруттук таксилер менен жүрүшөт. Төрагалык кызматка келгенге чейин Дастанбек Жумабеков дагы маал-маалы менен коомдук транспортто жүргөнүн өзү мага айткан. Бул эл өкүлдөрү коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кете алам", - деп билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан.