Бүгүн, 1-февралда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын директору Айбек Калиев өз каалосу менен кызматтан кетүү боюнча арызды өкмөт башчыга качан жазганын айтты. Депутат Мыктыбек Абдылдаев андан качан арыз жазганын, ал канчалык ишенимдүү экенине кызыккан.
"Шаршемби күнү ЖЭБ иштеп, жылуулук берилгенден кийин мен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип өкмөт башчыга кирдим. Премьер-министр менин арызымды кабыл алган жок. Ал азыр комиссия түзүлгөнүн айтып, комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин иштеп турушумду айтты", - деди Калиев.
Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар Калиевди кызматтан кетирүү маселесин жыйында карады. Добуш берүү учурунда Калиевдин кызматтан кетишине 17 депутат "макул", 64 депутат "каршы" добуш берди.
Белгилей кетсек, Айбек Калиевди кызматтан кетирүүнү депутат Мурадыл Мадеминов сунуштаган.